Мирланбек ажы Токтомушов ЖКККББ ФЧБнын башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады

Кечээ, 7-ноябрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятында КР ИИМдин ЖКККББ ФЧБнын башчысы, милициянын полковниги Асылбек Кошматов баштаган ИИМ кызматкерлери Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолукту.  

Жолугушууда тараптар жол кырсыктарынын алдын алуу, шаардагы жол тыгындарынын себептерин талкуулап, алдыда биргеликте иш алып баруу туурасында сүйлөштү. Асылбек Кошматов учурда жол кырсыктарынын жана шаар ичинде жол тыгындарынын көбөйүүсүнүн алдын алуу максатында казыят менен эки тараптуу иштешүү зарылдыгын айтып, биргеликте иш-чараларды уюштуруу пландалып жатканын айтты. 

Шаар казысы Ош калаасындагы жалпы жума окулган мечиттерде имамдар жума баяндын бир бөлүгүндө автоунааларды унаа токтотуучу жайларга токтотуу тууралуу айтыларын жана жол тыгындарга себепкер болбоо эскертилерин билдирди.

Жыйын соңунда Мирланбек ажы Токтомушов полковник Асылбек Кошматов баштаган жамаатка ийгилик каалап, жогоруда айтылган маселелерде биргеликте иш алып барууга ар убак даярдыгын баса белгиледи.