Кара-Сууда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Кечээ, 8-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы сейил багында тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоев, Кара-Суу райондук аскер коммисариатынын комиcсары Ранат Ахматов, ардагерлер жана райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров катышты.

Кара-Суу районунун акими Жакыпбек Субагожоев тарыхтагы жана кылым илгерки ата-бабалардын эрдигин, эркиндик үчүн күрөшүн, кабылган оор күндөрүн эскерди: «Биздин ата-бабаларыбыз татаал сыноолордон өтүп, биздин элибиздин атын, байыркы тилибизди, маданиятыбызды, үрп-адаттарыбызды сактап калышкан. Биз ар дайым тарыхыбыздын тагдырлуу барактарын эстеп, ата-бабаларыбызга таазим кылышыбыз керек. “Тарыхы болбой эл болбойт” деп кеменгер элибиз илгертеден даана, таамай айтып келген. Ар бир элдин басып өткөн тарыхы менен маданияты анын учурдагы жашоосу үчүн өтө маанилүү болуп саналат. “Өткөн жолун унуткан эл келечекке жол таппайт” дегендей, биз ар дайым улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоң экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек», — деди.