![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/11/image-08-11-23-03-23.jpeg)
Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев ажылыкка барууга ниет кылып, улуу зыяратка камдангандар менен жолугуп, ажылыктын пазилети жана аны аткарууда талап кылынган шарттарды айтып, ажылыкка каттоонун жол-жоболорун түшүндүрүп өттү.
Ошондой эле ажылыкка баруу үчүн акча төгүүгө алдын ала даярданып, райондогу РСК банкынын астына топтолгон жамаатты сабырдуулукка, ынтымакка жана өз ара бирин-бири түшүнүүгө чакырды.