Музаффар ажы Турдубаев Орозмамат Ахуналиевдин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Ынтымак айылынын тургуну, милициянын капитаны Орозмамат Ахуналиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Зыйнатта райондун баш имам-хатиби маркумдун жакындарына көңүл айтып, элди мекенчил жана ар дайым патриот болууга  чакырды. Баш имам-хатиб адам өмүрү баарынан кымбаттыгын, аны сактап калуу же сактап калууга аракет кылуу эбегейсиз улуу сооп экенин айтып, маркумга багыштап Куран окуп дуба кылды.

Белгилей кетсек, Орозмамат Акуналиев 27-октябрда Төө-Ашууда кырсыкка кабылган айдоочуну куткарууда денеси күйүп, ооруканага түшкөн милициянын бири болчу.  Аталган жаран алган жаратынан улам көз жумган.