Ажылык — 2024: саат 17:00 гө карата 5347 киши РСК банкына алгачкы төлөмүн төктү

Бүгүн, 9-ноябрь, саат 17:00 гө карата 2024-жылдагы ажылыкка барууну каалаган 5347 киши 2000 АКШ доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы РСК банкынын филиалдарына төктү.

Быйыл САП Кыргызстанга 6060 квота бөлгөнүн эске алсак, квотадан сырткары дагы 500 адам акча каражатын РСК банкына төксө, акча төгүп кезекке туруу жабылат. Ал эми КМДБнын структураларында паспорт жана төлөм квитанциясынын негизинде ажылыкка каттоо үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

500 киши резервде болуп, кошумча квота келип калса ажылыкка барышат. Эгерде кошумча квота каралбаса, түрдүү себептерден улам ажылыкка барбай калган жарандардын ордуна тизмеге кирет. Эгерде резервдегилер тизмеге илинбей калса, кийинки жылдагы ажылыкка алгачкылардан болуп баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Белгилей кетсек,  2023-жылдагы ажылык учурунда кезеги жетпей калган 110 киши быйыл биринчи кезекте ажылыкка барары күтүлүүдө.