Москвада XXI эл аралык Куран конкурсу өттү

Бүгүн, 10-ноябрь күнү Орусиянын борбор калаасы Москва шаарында XXI эл аралык Куран конкурсу жыйынтыкталды. Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Москвадагы Борбордук мечитте башталган эл аралык Куран жарыш Палестинада кыргынга кабылган мусулман бир туугандарга руханий колдоо көрсөтүү, Жараткан Алла Тааладан Палестина жана жалпы үммөткө тынчтык, амандык тилөө иретинде өткөрүлүп жатканын Орусия мусулмандарынын Муфтийи Равиль Гайнутдин билдирди.

Ири масштабда өткөн Куран жарышта калыстык кылган кыргызстандык кары Асылбек кары Таштемиров конкурс жогорку деңгээлде уюштурулганын, бул конкурска ат салышуунун өзү эле жеңиш экенин белгиледи.