Ысык-көл облусунун казысы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жыйынга катышты

Каракол шаарында КР Президентинин Ысык-көл облусундагы өкүлчүлүгүндө ИИМдин ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуу жана уюштуруу жөнүндөгү тескемесинин негизинде, аймактарда жол кырсыктарынын алдын алуу багытындагы профилактикалык иштерди натыйжалуу уюштуруу максатында жыйын болду. Жыйынга Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов төрагалык кылып, орун басары Улан Далиев, ОИИББдин кызматкерлери, Ысык-көл облустук билим берүү бөлүмүнөн, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, Каракол, Балыкчы шаардык мэриясынан өкүлдөр, Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков жана шаар-райондун баш имам-хатибдери катышты.

Чогулушта жыл башынан бери облус боюнча жалпы 329 жол кырсыгы катталып, 64 адам мерт кеткени айтылды. Жол кырсыгына автоунааны жогорку ылдамдыкта айдоо, жолдордун түз эместиги же оңдолуп жаткандыгы жана жолго малдардын чыгып кетүүсү себеп болуп жататканы боюнча маалымат берилди.

Жол кырсыктарын алдын алуу багытында бир катар ой-пикирлер мал көп жүргөн жерлердеги жол жээктерин курчоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен биргеликте рейд жүргүзүү, мал көбүрөөк жактарга белгилерди орнотуу боюнча тапшырмалар берилди. Ал эми ЖКККББнын кызматкерлери облус казысынан түшүндүрүү иштерине жардам берүүсүн өтүнүштү.

Алмазбек ажы Сагындыков: “ Биз түшүндүрүү иштерин буга чейин жүргүзүп келгенбиз. “Адам жаны — аманат” аттуу акциялар, андан сырткары жума баяндарын атайы ушул жолдо жүргөндөгү жоопкерчилик боюнча өткөрүп келебиз. Чындап аманатты сезе билсе адамдар, малын да жолго чыгарбайт, автоунааны да жогорку ылдамдыкта айдабайт, ошол себептен аманатты адамдарга үйрөтүүбүз зарыл” — деди.