Ысык-Атанын имамдарына «Фикхул акбар» китебинен акыйда семинары башталды

КМДБнын 2023-жылдын 28-февралындагы «Имам Матурудий» илим изилдөө борборун түзүү боюнча чыгарылган №49 буйругу, ошондой эле Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын 2023-жылга карата иш-чараларынын планынын алкагында, имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификацияларын көтөрүү, окуу курстарын уюштуруу максатында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун имамдарына Милянфан айылындагы «Ал-Бушро» медресесинде 6 күндүк окуу семинар башталды.

Семинарда облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков сөз сүйлөп, Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиевге жана Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, окуп жаткан имамдарга ийгилик каалады.

«Жараткан менен пенденин ортосундагы байланыш бекем болуусу үчүн биздин жүрөгүбүздөгү ишенимибиз туура болуусу абдан зарыл. Акыйда маселелери боюнча Матуриди акыйдасын бекем үйрөнүп, жалпы элге жөнөкөй кылып жеткирүү биздин милдет. Ошондуктан сабакка көңүл буруп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жакшы окуп алыңыздар. Аллах Таала баарыбызга пайдалуу илим берсин. Өлкөбүзгө жаркын келечек, тынчтык берсин», — деп белгиледи Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев.

Белгилей кетсек, акыйда семинары «Фикхул акбар» китебинин негизинде өтүлөт.