Манас районунда муктаждарга жардам берилди

Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында кайрымдуу инсандар тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам берилди. Жалпы 50 үй-бүлөгө суммасы 2 миң 500 сомду түзгөн күнүмдүк турмушка керектүү азык-түлүк баштыгы таратылды.

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев: «Бул кайрымдуу инсандар ай сайын муктаждарга көмөк көрсөтүп келет. Бир эле Покровка айылында эмес, районго караштуу бардык айылдарга кезек менен таратып келебиз», – деди.

Баш имам-хатиб жардам колун сунган кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.