“Муьаз ибн Жабал” медресесинин студенттери “Айгүл-Тоо” музейине экскурсия жасашты

Баткен шаарындагы «Муъаз ибн Жабал» медресесинин 1-курсунда билим алып жаткан студенттерине БатМУнун алдындагы «Айгүл-Тоо» жергиликтүү тарыхый-маданий музей комплексине экскурсия уюштурулду. 

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттерге музей кызматкери Баткен чөлкөмүндөгү тарыхый маанилүү окуяларды, адамдар тагдырын чагылдырган уникалдуу экспонаттар жана кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

Музейдеги тарыхый маалыматтар менен таанышкан медресе студенттери Кыргызстандын Баткен чөлкөмүнө тиешелүү көптөгөн пайдалуу маалыматтарга ээ болушканын айтышты. 

“Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесинде быйылкы жылы Кыргызстандын тарых сабагы окутулуп жатат. Ошондуктан практика жүзүндө тарыхый маалыматтар менен таанышуу максатында бул иш-чара уюштурулду”, — деди экскурсиянын уюштуруучусу Сулайман Атамурза уулу.