Баткенде пайгамбарыбыз Мухаммадга (с.а.в.) арналган ыйман кечеси өттү

Кечээ, 12-ноябрь күнү Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы мечитте «Канткенде Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбызга сүйүктүү үммөт болобуз?», — деген темада ыйман кечеси өткөрүлдү. Программада эң көп салават жаттаган, эң көп хадис, эң көп сүрө, эң көп дуба жаттаган активдүү катышуучуларга баалуу белектер жана Ташкент шаарына эс алууга жолдомолор тапшырылды.

Кеченин негизги коногу Кыргыз Республикасынын жана «СССР эл агартуунун мыктысы», усулчу-мугалим, 1991-жылы өткөрүлгөн «Жыл мугалими — 91» конкурстарынын республикалык жана союздук турларынын жеңүүчүсү, «Курманжан Датка», «Даткайым», «Элге билим берүүнүн ардагери» медалдарынын ээси, Кыргызстан аялдар комитетинин мүчөсү, Куран устазасы Өктөмкан Абдувалиева болду.

Аталган иш- чара Баткен районунун Кызыл-Бел айылдык мечитинин имам-хатиби Жусуп ажы Кудайбердиевдин колдоосу менен Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшеева тарабынан уюштурулду.

Пайгамбарыбыз Мухаммадды (с.а.в.) жакындан таанытуу максатында өткөн иш-чарага 500 дөн ашык айымдар катышты. Кече соңунда келген коноктор демөөрчүлүк кылган жеке ишкерлер Тахмина Сатаркулова, Роза Юлдашева, Салиха Амираева жана уюштуруучу Уулкан Дүйшееваларга терең ыраазычылык билдиришти.