Муфтият ажыларды менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөө үчүн дарыларды алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылы ажылык сапарына баруучуларды менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс жарыялайт.

Документтер 2023-жылдын 13-ноябрынан 27-ноябрь, саат 17:00 гө чейин кабыл алынып, 30-ноябрда конкурс өтмөкчү.

Конкурс тууралуу маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Жибек-Жолу көчөсү 234/3.

Байланыш тел: 0778/0708 48-61-67

Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

КОНКУРСТУН ТАЛАПТАРЫ

  1. Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, товарларды жеткирүү, конкурстун предмети болуп эсептелген жумуштарды кылуу, кызматтарды көрсөтүү боюнча иш кылып жүргөн адамдарга коюлган талаптарга ылайык келүүлөрү керек.
  2. Уставдын оригиналынын көчүрмөсүн берүү (негизги ишмердикти аныктоочу документ).
  3. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензия. Фармацевтикалык ишмердик жүргүзүүгө жана медициналык иммунобиологиялык дары-дармектерди (МИД) сатууга укук берүүчү күчүндөгү лицензиянын көчүрмөсү.
  4. Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) ыйгарым укуктуу органдары бекиткен Инструкциянын талаптарына ылайык даярдалган вакциналардын техникалык спецификациясы

ГРИППКЕ КАРШЫ ВАКЦИНА

Антигендери аз көлчөмдө болгон, инактивдештирилген грипптик вакцина (штаммга 5-15 мкг).

Коопсуздуктун жана реактогендиктин талаптарына жооп берүүчү, 2024-2025-жж. сезонго Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (БДССУ) сунуштаган грипптин вирусунун активдүү штаммдарынын болуусу. Шприц-доза 0,5 мл;

Алып келинүүчү вакцина акыркы 3 жылда Кыргыз Республикасында колдонулган жана оң мүнөздөмөгө ээ болууга тийиш. Колдонууну тастыктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин (КР ССМ ДКМТД) ылайык келүү сертификаты болуусу.

Өндүргөн заводдун авторлошкон каты (оригиналы).

Продукцияда өндүрүлгөн датасы жана жарактуу мөөнөтү көрсөтүлүш керек.

КР ССМ ДКМТДин  каттоо күбөлүгү

МЕНИНГИТКЕ КАРШЫ ВАКЦИНА

Серо групп ACYW135 менингокок полисахарид вакциналары.

Ар бир флакондо адам үчүн бир жолку дозанын 0,5 мл камтыйт. Ар бир вакцинанын дозасы ар бир полисахарид ACYW135 менингококок топтун 50 мкг камтыйт.

Ар бир флакон 1 мг. Бир флакон лиофилирленген вакцина үчүн  (0,5 мл) аралаштыруучусу менен.

Продукцияда өндүрүлгөн датасы жана жарактуу  мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

Алып келинүүчү вакцина акыркы 3 жылда Кыргыз Республикасында колдонулган жана оң мүнөздөмөгө ээ болууга тийиш. Колдонууну тастыктоо үчүн КР ССМ ДКМТД ылайык келүү сертификаты болуусу.

Продукцияда өндүрүлгөн датасы жана жарактуу  мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

КР ССМ ДКМТД каттоо күбөлүгүнүн болуусу.

Өндүргөн заводдун авторлошкон каты (оригиналы).

Жеткирүүчү вакциналарды сатып алуучу көрсөткөн пункттарга жеткирип берүүнү камсыз кылат. Вакциналар, препараттын күн нурларынан, нымдан, көгөрүп кетүүдөн, кемирүүчүлөрдөн ж.б. сакталуусун камсыз кылуучу жабык имараттарда (+2 ден +8 чейинки градус) температурасында сакталууга тийиш. Акыркы айтылган пунктка ташып жеткирүү термоконтейнерлерде жүргүзүлөт жана сууктук чынжыры (+2 ден +8)  градуска чейинки температуралык режимде кармалып турууга  тийиш.

Вакцинаны жеткирүү мөөнөтү келишим кол коюлгандан тартып 30 күндүн ичинде жеткирилип берилүүгө тийиш.

  • Вакциналарды жана дары-дармектерди жеткирүү боюнча (акыркы 3 жылда) конкурстук арыздын суммасынан кем эмес өлчөмдө, эки окшош келишимди аткаруу тажрыйбасы болуу.
  • Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасындагы бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга тийиш. Социалдык фонддун аныктамасынын оригиналынын сканирленген көчүрмөсүн жана Салык Кызматынан карызы жоктугу тууралуу маалыматты берилиши керек.
  • Чыгашасыз ишмердигинин далили катары, акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү.
  • Конкурска катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу  (Кыргыз Республикасынын ИИМнин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат).
  • Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча конкурстун мүчөсү же башкалардын тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат).
  • Таза эмес жеткирүүчүлөр реестринде конкурска катышуучулар жөнүндө маалыматтардын болбоосу (жетекчинин уюмдун бланкына коюлган каты аркылуу тастыкталат).