Муфтият ажылардын формасын тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдагы ажылар үчүн жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр ортосунда (физикалык жана юридикалык жактар) конкурс жарыялайт.

Документтерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын  13-ноябрынан  29-ноябрь, саат 17:00 гө чейин жүргүзүлүп, 5-декабрда конкурс өтмөкчү.

Конкурс тууралуу маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Жибек-Жолу көчөсү 234/3.

Байланыш тел: 0778/0708 48-61-67

Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Ажылар кийүүчү форманы  (кемсел / жилет) тигүүчүлөргө коюлган талаптар

1. Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасынын (УРШ) атына арыз.

2. Конкурстун катышуучуларынын документтеринин көчүрмөсү.

3. Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү.

4. Чыгашасыз ишмердигинин далили катары акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү.

5. Конкурска катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу  (Кыргыз Республикасынын ИИМнин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат).

6. Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча конкурстун мүчөсү же башкалардын тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат).

7. Тигүү ишканаларынын рыногунда конкурстун катышуучусунун акыркы 3 жылдагы иши жөнүндө тастыктоочу финансылык документтер.

8. Реквизиттер.

9. Зыяратчылар (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү.

10. УРШ мүчөлөрү (эркектер жана аялдар) үчүн форма кийимдеринин үлгүсү.

11. Ажылардын тапочкалары жана буюмдары үчүн сумкалардын (рюкзактардын) үлгүсү.

Эскертүү: көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген арыздар комиссия тарабынан каралбайт.