Ажылык – 2024: РСК банкына алгачкы төлөм кабыл алуу токтотулду

Бүгүн, 14-ноябрь, саат 9:00 гө карата ажылыкка барууну каалаган 6524 киши 2000 АКШ доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы РСК банкынын филиалдарына төктү.

РСК банкына баштапкы төлөм төгүү 9-ноябрда башталган. Алгачкы төлөм кабыл алуу башталган күнү 5347 киши каражат төксө,10-ноябрь күнү 5947 кишиге жеткен. Ал эми кечээ, 13-ноябрь күнү саат 17:00 гө карата жогоруда айтылгандай, 6524 киши алгачкы төлөмүн төгүп, ажылыкка төлөм кабыл алуу жабылды.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанга 6060 квота бөлүнгөн. Ал эми 500 дөй киши резервде болот.