Чүй облусунда 60 ка чукул Куран жаттаган карылар күч сынашты

Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы «Мустафа» мечитинде 2023-жылдын 6-декабрында өтө турган республикалык Куран жарышка жолдомо үчүн тандоо турун өткөрдү.

Куран жарышка облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, казынын орун басары Саясат ажы Асанов жана Аламүдүн районунун баш имам-хатиби Абдурахман ажы Анаркулов катышты.

Облустук тандоо туруна Куранды жатка жана кооз окуган карылар калыс болуп, байгелүү орун алгандарды аныкташты. Сынакта биринчи орунду алгандарга республикалык Куран жарышка катышуу үчүн жолдомолор тапшырылып, бардык катышуучуларга ийгилик тилеп дуба кылынды.

Куран жарышынын жеңүүчүлөрү төмөнкү критерийлер боюнча аныкталды:

Куранды толук (30 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү боюнча;

Куранды үзгүлтүксүз (10 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү боюнча;

Куранды тажвид эрежеси менен кооз окуу боюнча.