Тоң районунун Бар-Булак айылындагы мечит оңдолууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бар-Булак айылындагы мечит жергиликтүү демөөрчүнүн колдоосу менен ремонттолуп жатат. Андан сырткары мечиттин эски дааратканасы бузулуп, ордуна жаңы заманбап даараткана курула баштады.

“Бар-Булак айылыбызда мечитке келген элге жакшы шарт түзүү максатында кышка карата мечит жылууланып, оңдолуп жатат. Мечиттин жанына бардык шарттары менен жаңы даараткана жана очоккана курулуп жатат. Курулуш жана ремонт иштери атын атагысы келбеген, өзүбүздүн кайдыгер карабаган, колу ачык жигитибиздин демөөрчүлүгү менен жүрүүдө. Демөөрчүгө жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдиребиз. Алла Таала ага ыраазы болуп, калган мал-мүлкүнө береке берип, үй-бүлө, жакындары менен аманчылыкта болсун”, — деп билдирди Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов.

Баш имам-хатиб казыяттын тапшырмасы менен район боюнча мечиттерде кышка даярдык көрүлүп жатканын кошумчалады.