Ош облустук казыятында облустук деңгээлде Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-ноябрь күндөрү Ош облустук казыятынын жыйындар залында жалпы облус аймагындагы карыларга Куран жарышы конкурсу уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Аталган жарышка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев,  Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, казыят кызматкерлери, көрүнүктүү карылардан түзүлгөн калыстар жана конкурсанттар катышты.

Облус казысы жарыш алдында катышуучуларга ийгиликтерди каалап, калыстарды адилеттүү чечим чыгарып берүүгө чакырды.

Куран жарышы 30, 10 параны толук жатка окуу жана тажвид эрежелери менен кооз окуу боюнча үч критерийден туруп, алдыңкы орунду ээлегендерге 6-декабрда өткөрүлчү республикалык Куран жарышына жолдомо жана акчалай сыйлыктар берилди.