Ош шаарында республикалык Куран жарыштын тандоо туру өттү

Бүгүн 14-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Аль-Бухари – Алай» мечитинде республикалык Куран жарышка тандоо туру болуп, жеңүүчүлөр финалга жолдомо алышты.   

Куран жарыш эки бөлүктөн уюштурулуп, 10 парадан 18 жашка чейинки карылар күч сынашса, 30 пара боюнча 30 жашка чейинки карылар катышты. Жарышка Ош шаарындагы диний окуу жайлардын студенттери жана калаада турган карылар ат салышты.  

Калыстар тобунун төрагасы болуп Ош шаарынын казысынын орун басары, дүйнөлүк Куран жарышынын жеңүүчүсү Мухаммадияр кары Курбанбеков, КИУнун түштүк аймагындагы окуу борборунда сабак берип келген мисирлик устаз Умар Албиси, Улукбек кары Эрмеков жана Элмурад кары Умаровдор калыстык кылышты.

 30 пара боюнча жеңүүчү болуп Мухаммадамин кары Кадыркулов,10 пара боюнча Мухаммадрафик кары Юлдашбаев, кооз окуу боюнча Нурислам кары Бурхан уулу тандалып, финалга жолдомо алышты. Тандалып алынган карылар үстүбүздөгү жылдын 6-декабрь күнү борбордук «Имам-Сарахсий» мечитинде өтө турган республикалык Куран жарышка катышат.