Авиакомпаниялар ортосунда жарыяланган конкурстун мөөнөтү 27-ноябрга чейин узарды

Авиакомпаниялар ортосунда өтө турган конкурстун мөөнөтү 27-ноябрга чейин узарды.  

Катышуучулардын документтери 2023-жылдын 27-ноябрь, саат 17:00 гө чейин кабыл алат. Конкурс 28-ноябрь, саат 10:00 дө өтмөкчү.

Тандоо иш-чарасына катышуучу авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот:

Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү № 264/3

Байланышуу үчүн: 0778900601, э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Тандоо иш-чарасы өтө турган күн:

28-ноябрь, саат 10:00 / КМДБнын жыйындар залы.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиккен арыздар кабыл алынбайт.

2024-ЖЫЛДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНАН САУД АРАБ ПАДЫШАЛЫГЫНА АЖЫЛАРДЫ АБА ЖОЛДОРУ МЕНЕН ТАШУУ КОНКУРСУНА КАТЫШУУЧУ АВИАКОМПАНИЯЛАРГА КОЮЛУУЧУ НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР

2024-жылы Сауд Аравия Падышачылыгына (мындан ары САП) ажыларды Кыргыз Республикасынан (мандан ары КР) жана кайра аба аркылуу ташууну жүзөгө ашыруу боюнча конкурска катышуу үчүн авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар:

1. САП эрежелерине жооп берген авиа ташуучунун тиешелүү лицензияларынын жана сертификаттарынын болушу (аба кеменин (мындан ары АК) жерде тейлөө жөнүндө колдонуудагы макулдашуулар, авиакомпанияны, анын АК камсыздандыруу жөнүндө сертификаттар, АКны реестриде каттоо жөнүндө күбөлүк, ар бир АКнын тибинин жана учууга жарактуулугу боюнча сертификаты, жүргүнчүнүн, багаждын, үчүнчү жактардын алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу ж.б.).

2. Авиакомпаниянын Бишкек жана Ош шаарларынан Жидда жана Мадинага шаарларына түз рейстерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү (САПтын эрежелерине жооп берген (авиакомпаниянын балансында, б.а. менчикте турган АК) учууларды жүзөгө ашыруу үчүн бардык уруксаттар бар болушу зарыл).

3. Катталган мамлекетин, техникалык мүнөздөмөсүн, учактын тибин, көрсөтүлгөн маршруттар боюнча учууларды ишке ашыруучу сыйымдуулугун көрсөтүү менен пайдаланууга жарактуу төрт АКтан кем эмес болушу (колдонуудагы сертификаттар, күбөлүктөр ж.б.).

4. Бир зыяратчыга эки тарапка авиабилеттин баасын көрсөтүү (Прайс-лист).

5. САПтын Жарандык Авиация департаменти тарабынан бекитилген 2024-жылдын 19-январына чейин эки тарапка тең слотту (учуулардын графигин) берүү.

6. 2024-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 10-июнуна чейин САПтын (Жидда жана Мадина шаарларында)  слоттунун болушу. (Ажылардын жалпы саны — 6060 адам (болжол менен 1000 квота кошулушу мүмкүн). Авиакомпания КРдан САПга бардык зыяратчыларды 10 (он) күндүн ичинде, 2024-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 10-июнуна чейин, САПтан КРге 10 (он) күндүн ичинде ташууга тийиш.

7. Ажыга баруучулар үчүн акысыз жүктүн нормалары 30 (отуз) кг багаж, 10 (он) кг кол жүк жана 5 литр Зам-зам ыйык суусу болушу керек.

8. Ажыга баруучулар үчүн 2-5 куб.м. (200-300 кг) көлөмдөгү дары-дармектерди акысыз ташууну камсыз кылуу.

9. КМДБнын уюштуруу штабынын мүчөлөрү (ажы-башчылар) үчүн акысыз билеттерди берүү (ажыларды ташуу мезгилинде).

10. Түз чартердик жана регулярдуу рейстер менен ташуу боюнча иш тажрыйбасынын болушу.

11. Учактын бортунда ажыга баруучуларды «ХАЛАЛ» (АДАЛ) стандартындагы ысык тамак менен камсыздоо.

12. Ажыга баруучулар Кыргызстандан САПка жана кайра келүү графиги боюнча учуп бара жаткан учурда Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда авиакомпаниянын өкүлүнүн болушу.

13. Конкурска катышууга өтүнмө берген юридикалык жактын ыйгарым укуктарын тастыктаган башкы ишеним кат.

14. Чет өлкөлүк авиакомпаниялар үчүн милдеттүү талап-бул Бишкек шаарында расмий өкүлдүн (юридикалык жактын) болушу. Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк авиакомпаниялардын расмий өкүлү конкурста жеңип чыккан учурда, ажылык сапарга баруу мезгилинде үзгүлтүксүз штаттык режимде иштөөгө жана муфтияттын ыйгарым укуктуу кызматкерлери менен 24 саат байланышта болууга тийиш.

15. Юридикалык жактын (авиакомпаниянын жана анын кызыкчылыгын билдирген юридикалык жактын) салык жана социалдык эсептөөлөр боюнча карызынын жоктугун тастыктоочу документ.

16. Эл аралык стандарттарга жана ташуу эрежелерине ылайык келген АК, кеминде 45 адамдан турган топторду бөлбөстөн бортто отургузууга тийиш. Авиакомпания бир күндө кеминде 600 (алты жүз) пассажирди ташуусу керек.

17. Авиакомпаниялар тарабынан берилүүчү документтер милдеттүү түрдө мамлекеттик же расмий тилде болууга жана атайын конверттерге салынып, мөөр басылып бекитилүүгө тийиш (документ чет тилден которулган учурда, документтин берилген котормосун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Документтин түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү чогуу берилет).

18. Конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимдин жалпы суммасынын 5% алардан кармалат жана бир жуманын ичинде САПдан зыяратчылар менен акыркы рейс келгенден кийин төлөнөт.

19. Конкурстун жеңүүчүсү менен ташуу жөнүндө келишимге кол коюуда, авиакомпаниянын башкы өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу зарыл.

20. Авиаташуучу пассажир жөнүндө алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздайт, үчүнчү жактарга тийиштүү расмий каттардын негизинде жана колдонуудагы мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык берилет.

21. Муфтият ажыларды жана алардын жүктөрүн ташуу үчүн авиабилеттерди брондоо үчүн келишим жана авиакомпаниянын счет-фактурасы боюнча гана Авиякомпания төлөйт. Калган бардык милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды Авиакомпания өзү (конкурстун жеңүүчүсү) жүргүзөт.

22. Авиаташуучу конкурс өткөрүлгөн күнгө ташуу келишиминин үлгүсүн берет.