Араван райондук хатибияты ЖКККБ кызматкерлери менен биргеликте айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Бүгүн, 23-ноябрда Араван райондук хатибияты менен Араван райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы биргеликте  “Бүткүл дүйнөлүк жол унаа кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү күнүнө» карата айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чара алгач “Имам Аль-Бухарий” медресесинин алдында жол кырсыгынан каза болгон жарандарды бир мүнөттүк эскерүү жана аларга багышталып Куран окуу менен башталды. Аталган иш чарага Араван районунун башкы имам-хатиби Жамалидин Султанов, Араван райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Сапар Калыков, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, дин кызматкерлери жана медресе жамааты катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук автобекеттеги айдоочуларга жана Араван-Ош жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга жол кырсыктарын алдын алуу жана жолдо жүрүүнүн эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, атайын баракчаларды таратышты.

Эскерте кетсек, Араван райондук хатибияты менен райондук ЖККБ буга чейин да тыгыз байланышта иштеп, “Адам жаны аманат” аттуу акциянын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишкен.