Ысык-Көл районунун баш имам хатиби аймактагы имамдардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев аймактагы имамдар менен  Көк-Дөбө айылындагы борбордук мечитте жолугушуп, анын алкагында терс диний агымдардын алдын алуу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, облустук казыят тарабынан берилген тапшырмалар, коомчулук менен иш алып баруу маселелери каралды. Имамдар менен болгон жолугушууга МУКК кызматкери Канат Алиев катышып, түшүндүрүү иштеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барууга чакырды. Муну менен катар имамдар менен болгон жолугушууда мечиттердин айланасын таза кармоо жана кышка даярдык көрүү боюнча ар бир имамга тапшырма берилди.