Кадамжайдагы имамдар «Козубай» атындагы мектептин окуучуларына «Мектеп жана жол» аталышында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу “Козубай” атындагы орто мектебинде жергиликтүү имамдар  «Мектеп жана Жол» темасынын алкагында түшүндүрүү иштерин  өткөрүштү.

Иш чара жол адебин, эрежесин  сактап, мектеп  окуучуларынын ата-энеге жана мугалимге болгон сый-урматын жогорулатуу максатында уюштурулган.

«Мектеп жана Жол» аталышындагы иш чара алкагында окуучуларга жол белгилерин, түнкү чырактарды сындырбай сактоону жана бул мамлекеттин мүлкү экендиги жөнүндө түшүнүк берип, аларды билим, тарбия алууга чакырык жасалды,-дейт уюштуруучулар.