Тоң районундагы бир катар мечиттерге жылуулук системасы киргизилди

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы бир катар мечиттерде жылууландыруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул туурасында Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди.  Анын айтымында учурда райондун Төрт-Күл айылындагы “Маккаи Мукаррама” мечитинин имамы Дөөлөтбек Болотовдун демилгеси менен жергиликтүү тургундардын жардамы аркасында айылдагы мечиттин ашканасы толугу менен бүткөрүлүп, Саид Баюминин демөөрчүлүгү аркасында мечиттин жылуулук системасы толук аяктаган. Ал эми жергиликтүү эл менен демөөрчұлөр тарабынан жылытуу системасын коюга кеткен чыгым  200  миң сомду түзгөн. Ошондой эле Ж.Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечиттин жылуулугун камсыздоо жергиликтүү тургундардын жардамы менен ишке ашырылып, жалпы сарпталган каражат 150  миң сомду түзгөн.

Учурда Көк-Сай айылындагы мечитте узундугу 12.65 метр, туурасы 4.85 метр аянттагы окуу бөлмөсүнүн курулуш иштери кызүү жүрүүдө. Таалай Муканов демөөрчүлүк кылган курулуш иши  буюрса кышка чейин аяктайт. Максатыбыз айыл элине жакшы шарт түзүү менен имамдарыбыздын билим деңгээлин көтөрүү,- дейт Таалайбек ажы Акунов.