Таласта Куран жарыштын тандоо туру өткөрүлдү

Кечээ, 15-ноябрь күнү Талас облусунун мусулмандарынын казыяты Талас шаарындагы «Ас-Сахаба» мечитинде республикалык Куран жарышка жолдомо үчүн тандоо турун өткөрдү.

Сынакта казы орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу, Бекболсун Кушубаков жана Абдулазиз Рысбек уулунан турган карылар калыстык кылып, жалпы 21 катышуучунун арасынан 3 катышуучуну тандап алышты.

Куранды көркөм окуу боюнча Баяман Аваз уулу, 30 парадан Дастан Эркинбек уулу, 10 парадан Салман Сыдыков республикалык Куран жарышка жолдомо алышты.

Өмүрзак ажы Абдусамат уулу жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жолдомо алгандарга ийгиликтерди каалады.