Караколдо балдарга туура тарбия берүү боюнча жыйын өттү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Ж.Абдрахманов атындагы орто мектебинин жана Карга Мендегул уулу атындагы №15 мектебинин окуучуларынын ата-энелерине чогулуш өткөрүлдү. Чогулушка Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыков, шаардык билим берүү бөлүмүнөн, ШИИБден жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн инспекторлору, мектеп директорлору, психологдор катышты. Жыйындын максаты балдар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдардын тарбиясына көңүл бурууну жакшыртуу, балдардын кылмыштуулукка баруусуна бөгөт коюу. Облус казысы балдарга тарбия берүүдө сөз менен гана чектелбестен, балким үлгү көрсөтүү менен берген тарбия таасирлүү болорун эскертип төмөнкүлөргө токтолду:

“Урматтуу ата-энелер, балдарга биздин калтырган эң жакшы мурасыбыз – аларга берген жакшы тарбиябыз. Ошол себептен биз балдарыбыздын тарбиясына өтө катуу көңүл бурушубуз зарыл. Азыркы учурда балдар интернеттен, досторунан ар кандай жаман жоруктарды үйрөнүшү мүмкүн. Кээ бир адамдар тарбия десе эле “кийинтип жатам, кем кылбай багып жатам” деп эле айтып жүргөндөрүн кулагыбыз чалып калат. Чындыгында кем кылбай багып коюу гана тарбия болуп калбайт да. Ата-энелер, балдарга жаман-жакшы, арам-адал сыяктуу нерселерди үйрөтөлү. Ошондой эле алар менен сырдашып, кайсы сайттарды көрүп жатат, кимдер менен дос болуп жатат, көзөмөлгө алып туруубуз кажет. Себеби, акыркы бир айда эки окуучу өз жанына кол салып, кайтыш болуп калды. Негизи бардык адамдар мындай жолго барарда бир канча ай ойлонот экен, ошол учурда биз сырдашып, маселесин чечип калышыбыз керек. Биз маани бере турчу негизги жагдай, балдар менен диалог кылып, сүйлөшүп туралы. Жумуш деп эле балдарга көңүл бурулбай калып, обочолонуп, бөлүнүп, өзү менен өзү жүрүп калууда. Жанагыдай каргашалуу окуянын алдын алуунун бирден-бир жакшы жолу – диний баалуулуктарды балдарга үйрөтүү болот”, —  деп Алмаз ажы өзүнүн насааттарын жыйынга келген ата-энелерге айтты.

Жыйындын акырында суроолор берилип, сунуштар айтылып, ата-энелер суроолоруна жооп алышты.