Караколдо республикалык Куран жарышына тандоо туру өттү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын “Иброхим Ажы” борбордук мечитинде республикалык Куран жарышка тандоо туру болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Республикалык Куран жарышы Куранды толук жаттоо, он бөлүгүн (10 пара) жатка билүү жана Куранды кооз окуу боюнча болуп өттү.

Ысык-Көл облусунун атынан катыша турчу карыларды тандоо турунда калыстар тобуна облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков төрагалык кылып, мүчөлүккө Талант каары Сабриков жана Сардарбек каары Кененбаев дайындалып, жеңүүчүлөргө жолдомо тапшырышты.

Жыйынтыгында 30 пара боюнча Мехробшо кары Лолаев, 10 пара боюнча Нур-Мухаммед кары Саламатов жана кооз окуу боюнча Исмаил кары Халилов жеңишке жетип, республикалык Куран жарышка жолдомо алышты.

Облус казысы карыларга ийгилик каалап, чыныгы жеңиш Алланын сөзү Куранды толук жаттоо экенин белгиледи.