Баткенде облустук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 15-ноябрда Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечитинде облустук деңгээлде республикалык Куран жарышына тандап алуу конкурсу болуп өттү. 

Куран жарышты облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун жетектөөсү менен Баткен казыятынын кызматкери  Сайдахмад ажы Аппазов жана Баткен шаар-райондук хатибияты биргеликте өткөрдү.  

Уюштуруучулар сынактын башында Куран Каримди окуп-үйрөнүү жана башкаларга үйрөтүүнүн пайдасы тууралуу айтып, катышуучуларга ийгилик каалады. 

Облустун ар кайсы аймагынан келген конкурс катышуулары өздөрүн 10 пара жана 30 пара Куранды жатка тажвид менен окуу боюнча күч сынашып, жыйынтыгында калыстар тарабынан төмөнкү карылар жеңүүчү аталды. 

10 пара — Билал Ташболотов

30 пара — Давранбек Урустамбек уулу

Аталган карылар үстүбүздөгү жылдын 6-декабрь күнү борбор калаадагы «Имам Сарахсий» мечитинде өтө турган республикалык Куран жарышка катышат.