Баткен районунун баш имам-хатиби Бужум айылынын тургундары менен жолукту

Баткен шаар, районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов райондун Бужум айылындагы «Бужум 4» мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда аталган мечиттин жаңы кызматка дайындалган имамы Муратбек Тажибаевди жамаатка тааныштырып, жоопту ишине ийгилик каалады. Ал эми  калайыкка имамды колдоого, көмөктөшүүгө чакырды. Ошондой эле “ысырапкерчиликтин алдын алуу”, “бала тарбиясы” темасында баяндама жасады.

“Имам – бул адамдарды туура жолго үндөгөн, жамандыктан кайтарып, кеңеш айтып, элге туура багыт көрсөткөн кызматкер. Ошондуктан имам эң жакшы сапаттары менен үлгү болушу керек. Ошондой эле имамдын демилгелелерин эл колдоп, көмөктөш болсоңуздар бир топ жакшы иштерге, ийгиликтерге жетебиз”, — деди Абдурашид ажы Юнусов.