Ысык-Атанын имамдарына багытталган акыйда семинары жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды

КМДБнын 2023-жылдын 28-февралындагы «Имам Матуридий» илим изилдөө борборун түзүү боюнча буйругун аткаруу, ошондой эле Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын 2023-жылга карата иш-чараларынын планынын алкагында, имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификацияларын көтөрүү, окуу курстарын уюштуруу максатында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун имамдарына Милянфан айылындагы «Ал-Бушро» медресесинде 6 күндүк окуу семинары аяктап, сертификаттар тапшырылды.

Алты күнгө созулган семинарда имамдар «Фикхул акбар» китебинен сабак алышып, көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков сабак өткөн Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, семинарга катышкан имамдарга алкыш айтып, алган илимдерине амал кылып, эл-жер үчүн мыкты кызмат кылууга чакырды.

Белгилей кетсек, акыйда сабагы Имам Абу Ханифанын (р.х.) «Фикхул-Акбар» аттуу китебинен өткөрүлдү.