Түптө ата-энелерге чогулуш өтүп, баш имам-хатиб насаат айтты

Түп районунун баш имам-хатибинин катышуусунда мектеп директорлору, мугалимдер, мектеп окуучулары жана ата-энелерге багытталган чогулуштар өтүүдө. Жыйналыштар зордук-зомбулук, өз жанын кыюу сыяктуу жосундардын алдын алуу максатында уюштурулуп жатат. Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев балдардын тарбиясына, окуусуна, дүйнө таанымына жана чөйрөсүнө абдан маани берүү зарыл экенин белгиледи:

“Биздин балдарыбыз ак кагаз сыяктуу. Биз аларга эмне чийсек, ошол нерсе көрүнөт. Ата-эне аларга кандай көрүнсө, балдар туурашат. Ата-энелерине окшошкулары келет. Ошол себептен биз үйдө аларга кандай үлгү болуп жатабыз, аларга кандай нерсени көрсөтүп жатабыз, ошого маани берели. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) бир киши келип, “балалуу болдум, ага кантип тарбия берем?” деген экен. Ошондо Алланын элчиси: “Сен балага тарбия берүүдө тогуз ай кечиктиң”, — деген экен. Демек, балабыз курсакта кезинде эле китеп окуп, жакшы сөздөрдү айтып тарбияны башташыбыз шарт. А биз телефон менен отурабыз да, балдарыбызды телефондон ала албай отурабыз. Мен айтар элем, тарбиянын эң эле эффективдүүсү бул — үлгү болуубузда”, — деди баш имам-хатиб.

Белгилей кетсек, Түп районунда 2023-жылдын 9 айынын ичинде 1 ирет өзүн-өзү өлтүрүү, 1 ирет өзүн өлтүрүүгө аракет кылуу, 4 ирет жашы жете электер тарабынан жасалган административдик мыйзам бузуулар катталган. Баш имам-хатиб ушул сыяктуу семинарлар көп болуп, пайдалуу маалыматтар элге жетсе, терс көрүнүштөр азаярын белгиледи.