Абдирашит ажы Батыров Кара-Суу районундагы флагшоттун ачылышына катышты

Кечээ, 18-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда флагшот орнотулду. Кара-Суу районунда жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен, жалпы бийиктиги 38 метр, узундугу 11,5 метр, туурасы 7,0 метр болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу орнотулду.

Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоев, Кара-Суу шаарынын мэри Астанбек Жолдошев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана шаар тургундары катышты.

Кара-Суу районунун акими Жакыпбек Субагожоев ачылышта сөз сүйлөп, «Ар бир көз карандысыз өлкөнүн туусу башкалардан өзгөчөлөнтүп турган мамлекеттик белгиси болуп саналат. Ал ошол өлкөнүн эркиндигин туюндуруп, жаркын келечекке жол баштайт. Бир түндүктүн астында бириккен ынтымактуу элибизде тынчтык, токчулук, береке болсун! Түндүгүн күн шооласы чайыган кызыл туубуз көк серпип түбөлүк желбирей берсин! Кыргызстаныбыздын асманы ачык, келечеги кең болсун!» — деди.

Иш-чара соңунда Абдирашит ажы Батыров «Мекенди сүйүү — ыймандан» деген хадиске токтолуп, буларды билдирди: «Аллах Таала ар бирибизге мекенди сүйүп, элге-жерге кызмат кылууну насип кылсын. Аалымдардын бири, «Мен бир күндө жүз жолу дуба кылсам, анын токсон тогузун мамлекетим тынч болсун тилек кыламын, ал эми бирөөсүндө өз муктаждыгымды сурайм», — деп айткан экен. Урматтуу мекендештерим, келиңиздер! Биз да мамлекетибиз үчүн жакшы каалоо тилектерди айтып биргеликте дуба кылалы», — деп айтып, өлкөбүздүн тынчтыгын, элибиздин ынтымагын, мамлекетибиздин туусу ар дайым бийик болуусун Жараткандан тилеп, дуба-бата кылды.