Алимбек ажы Маматаминов мечиттердин кышка даярдыгын текшерди

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондун аймагындагы мечиттердин кышка даярдыктарын, тазалыктарын жана намаз убактыларын текшерди.

«Мечиттин тазалыгы имамдын ишмердүүлүгүнө көз каранды. Динибиздин негизи тазалык, ал эми тазалык мечиттен башталышы керек. Ошондой эле намазды диний идара бекитип берген убакытта окуйлу. Бул биздин ынтымагыбызга чоң себеп», — деди Алимбек ажы Маматаминов.