Лейлекте жаштар арасында Куран окуу жарышы өттү

Кечээ, 19-ноябрда Лейлек райондук хатибияты «Адеп башаты Баткен» диний уюму менен биргеликте Лейлек районунда жаштар арасында айыл өкмөттөр аралык Куран жарыш өткөрдү.

Куран жарыш Лейлек районунун Кулунду айылындагы «Кулунду» жамаат мечитинде болуп, 30 жакын жаш карылар катышты. Жыйынтыгында төмөнкүлөр байгелүү орундарды жана кызыктыруучу сыйлыктарды ээледи:

1-орун — Бекзат Сулайманов, смартфон;

2-орун — Фирдаус Сатыбалдиев, велосипед;

3-орун — Абдулло Мухамаджанов, самокат.

Иш-чаранын максаты жаштарды адептүүлүккө жана Куран жаттоого шыктандыруу, кызугуусун күчөтүү экенин сынактын уюштуруучулары билдирди.