Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби мектеп окуучуларына насаат айтты

Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Эркин Керимгазиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 7-11-класстын окуучуларына экстремизм, терроризмдин кесепети боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев катышып, балдарга өзүнүн асыл-насааттарын бөлүштү. Окуучуларга ата-энени сыйлоо, окууга көңүл буруу, мугалимдерди сыйлоо боюнча да баяндама жасады.

“Алла Таала өзүнүн сөзү Куранда эң биринчи жиберген аятында “Оку!” деп буйрук берген. Бул буйрук жөн жерден биринчи болуп калган жок. Илим алуу, окуу динибизде биринчи орунда турат. Ошондуктан китепке жакын болуп окугула. Окуган эл озот, дайыма алдыда болот. Илимге жетүүнүн жолдорунун бири бул — мугалимди сыйлоо болуп саналат. Улуу сахаба Али (р.а.) айткан: “Ким мага бир арип (тамга) үйрөтсө, мен анын кулу болом, кааласа иштетет, кааласа сатып жиберет”. Ал ушул сөзү менен мугалимдин орду канчалык экенин айгинелеп турат. Мен да силерге айтарым, агай-эжейлериңерди сыйлагыла, ошондо илимге ээ болосуңар. Ал эми экстремизм, терроризм деген термин менен диндин эч кандай алакасы жок. Анткени пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): “Чыныгы мусулман башка мусулмандарга колу жана тили менен зыян бербейт”, — деп айткан. Мусулман адам башка мусулмандардын жүрөгүнө эч качан коркунуч салбайт”, — деп сөзүн аяктады баш имам-хатиб.

Семинар жалпы дин тууралуу суроо-жооп менен жыйынтыкталды.