Сайдахмад ажы Аппазов: “Баланын келечегине ата-энесинин берген тарбиясы абдан маанилүү”

Баткен облусунун Баткен шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында Кыргыз жараны концепциясын жайылтуу максатында ата-энелерге багытталган «Билим менден башталат» аттуу семинар уюштурулду.

Иш-чарага Баткен казыятынын кызматкери Сайдахмад ажы Аппазов катышып, окуучулардын  билим, тарбия алуусунда ата-энелер менен чогуу аракеттенүү, жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланды.

Жыйында негизинен тазалык, адеп-ахлак, тартип тууралуу сөз болуп, ата-энелер суроолорун берип, сунуштарын айтып, мектеп менен кызматташууга жана колдоого даяр экендиктерин билдирип, өз ыраазычылыктарын айтышты.

“Баланын келечегине ата-энесинин тарбиясы өзгөчө маанилүү. Ата-эне өздөрү үлгү болуп, баласына туура тарбия берсе, бала табиятындагыдай таза бойдон калат. Ал эми ата-эне өздөрү түз жүрбөсө, жакшы бала кайдан чыксын? Бул жөнүндө ата-бабаларбыз, “балапан уяда эмнени көрсө учканда ошону алат”, – деп айтып кетишкен. Ошондуктан балдардын жакшы тарбияланышына биргеликте аракет кылуубуз керек”, – деди Сайдахмад ажы.