Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү «Көлмө» медресесинин студенттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдиваси Матраимов, Эмилбек Андартегин, Мирзат Барпыбеков жана КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт ажы Усманов «Көлмө» медресесин зыярат кылышты.

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү зыяраттын алкагында медресенин студенттерине акыйда илиминин өзөктүү маселелери жөнүндө семинар өтүштү.

Семинарда матуридилик акыйдасынын өзгөчөлүктөрү, далилдери, бузулган агымдар жана матуридиликке жабылган негизсиз жалаалар жөнүндө сөз болуп, суроо-жооп менен жыйынтыкталды.