Баткенде мугалимдер менен студенттерге диний түшүндүрүү-профилактикалык иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу алкагында Баткен мамлекеттик университетинин мугалимдери жана студенттерине “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин таануу жана радикализм, экстремизм, терроризмдин алдын алуу” темасынын негизинде  маалыматтык, түшүндүрүү-профилактикалык иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы  Мамасабиров, окуу жай жетекчилиги жана укук коргоо кызматкерлери катышты

Катышуучуларга адистер тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу маалыматтар айтылып, дин тутуу эркиндиги, айрым жаштардын радикалдашуусунун себептери, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу ыкмалары, тыюу салынган адабияттар, этностор жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, жаштардын кылмыштуу аракеттерге аралашуусуна жол бербөө маселелери талкууланып, усулдук маалыматтар берилди. 

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, берилген суроолорго адистер жооп беришти.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлүнүн, КР УКМКнын Баткен облустук Башкармалыгынын, Баткен облустук ИИБдин жана Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын 2023-жылга карата биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында уюштурулду.