Азирети Муфтий диний үгүт-насаатчылар менен жолугушуп, пикир алышты

Бүгүн, 21-ноябрь күнү баш калаадагы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев диний үгүт-насаатчылар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ислам дининин негизги принциптери, асыл баалуулуктары, коомдогу биримдик жана ынтымак жөнүндө сөз болду.

«Баарыбыз Алланын ыраазычылыгын издеп, анын улуу динине кызмат кылууга ашыккан кишилербиз. Алла Таала ушул куттуу мээнетибизди кабыл кылсын. Куранда момундар бир тууган экени ачык айтылган. Баарыбыздын динибиз бир, кыбылабыз бир, Кураныбыз бир, жол башчы пайгамбарыбыз бир, жолубуз бир, максатыбыз бир. Андыктан болор-болбос маселелерде бөлүнүп-жарылып, ар кандай түшүнбөстүктөргө түшүп, ынтымагыбызды ыдыратып албайлы. Бизди бириктирген баалуулуктар көп. Айталы, кандай сонун каада-салт, нарк-насилибиз бар. Жашообузда ушул нерселерге да маани берип, кийинки муунга жеткиришибиз керек», — деп билдирди Азирети Муфтий.

Жыйын соңунда ислам үммөтүнүн амандыгы, өлкө тынчтыгы, эл бейпилдиги, коом стабилдүүлүгү тиленип, дуба кылынды.