Шейх Усама аль-Азхарий Борбордук мечиттеги 24 саат Куран окуу саамалыгы менен таанышты

Бүгүн, 24-ноябрь күнү белгилүү ислам аалымы, Мисир өлкөсүнүн Президентинин дин иштери боюнча кеңешчиси, шейх Усама аль-Сайид Махмуд Мухаммад аль-Азхарий баш калаадагыКимсанбай ажы Абдурахманов атындагы борбордук мечитти зыярат кылды. Зыяратынын алкагында аталган мечитте уюштурулган 24 саат Куран окуу саамалыгы менен таанышып, өлкөбүздөгү ишке ашып жаткан кураний демилгеге жогору баасын берип, Куран окуу кыяматка чейин токтобой уланышын Алла Тааладан тиледи.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин катышуусунда «24 саат хатм» демилгесине старт берилген. Өлкөбүздө биринчи жолу уюштурулуп жаткан саамалыкта намаз убактыларынын сыртында Куран үзгүлтүктүз жандуу окулуп, 24 саат бою жаңырып турат.