КМДБ тарабынан өткөрүлгөн “Ханафий мазхабынын бүгүнкү глобалдык доордогу ролу” аттуу II эл аралык симпозиум жыйынтыкталды

Бүгүн, 24-ноябрь күнү Бишкектеги «Жаннат» мейманканасынын жыйындар залында КМДБ тарабынан “Ханафий мазхабынын бүгүнкү глобалдык доордогу ролу” аттуу II эл аралык симпозиуму өткөрүлдү.

Симпозиумга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров баштаган мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев башында турган дин аалымдары жана ишмерлери, мекеме ишкана өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышты.

Ошондой эле ислам ааламына аттын кашкасындай таанымал дин аалымдары катышып, өздөрүнүн докладдарын окушту:

• Дин аалымы, Мисир өлкөсүнүн Президентинин дин иштери боюнча кеңешчиси Усама аль-Сайид Махмуд Мухаммад аль-Азхарий — «Мазхаб кармануунун олуттуулугу»;

• Иорданиядагы Эл аралык ислам университетинин ханафий фикх факультетинин деканы, ислам илимдеринин доктору, профессор Салах Мухаммад Салим Абул-Хааж — «Ханафий мазхабынын өзгөчөлүгү»;

• АКШнын Вашингтон шаарында имам жана Цивилизациялардын алмашуу жана диалогу фондунун негиздөөчүсү Имам Башар Арафат — «Адеп-ахлактын Исламдагы орду»;

• Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети муфтийинин орун басары Эршат Онгар Агыбай уулу — «Ханафий мазхабынын Орто Азиядагы орду»;

• РФ Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов — «Мусулмандын сапаттары» (Качествы мусульманина).

Аталган аалымдар симпозиумдун расмий бөлүгү жыйынтыкталган соң борбор калаадагы жума мечиттерине чыгып, жума баяндарын жасашты.