Өзбекстанда Түрк Мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мусулмандарынын диний башкармалыктарынын IV жыйыны старт алды

Бүгүн, 25-ноябрь күнү Өзбекстанда Түрк Мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мусулмандарынын диний башкармалыктарынын IV жыйыны өз ишин баштады. Жыйында ТМУ Баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармасынын Азирети Муфтийи Шейх Нуриддин Халикназаров, Кавказ мусулмандарынын Дин башкармасынын жетекчиси, муфтий, Шайхулислам Аллаҳшукур Пашазаада, Түркия Диянет иштеринин башчысы, проф., док. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Диний башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев, Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Ходжагулиев, ошондой эле түркий жумурияттардан келген дин аалымдары, илим изилдөөчүлөр катышууда.

Жыйында ТМУ ортосундагы ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, диний башкармалыктар ортосундагы байланыштарды бекемдөө, ошону менен бирге көп кылымдык бир туугандыкты жана диний окшоштуктарды коомго туура түшүндүрүү, караңгылыкка каршы даанышмандык менен күрөшүү сыяктуу маселелерге көңүл бурулат.

Аны менен катар диний лидерлер азыркы мезгилге байланыштуу фатваларды биргеликте иштеп чыгуу, аларды ишке ашыруу, бүгүнкү күндө үммөт үчүн маанилүү деп эсептелген маселелер жаатында өз ара пикир алмашат.

Түрк Мамлекеттер уюмунун Диний лидерлеринин кезектеги жыйынына улай Түрк Мамлекеттер уюмунун аалымдарынын биринчи форуму да өткөрүлмөкчү. Белгилей кетсек, кечээ, 24-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мирзат ажы Барпыбеков, Азирети Муфтийдин жардамчысы Молдожаш ажы Турдубаев баш болгон кыргыз аалымдарынын делегациясы Өзбекстанга иш сапар менен барышкан. Түрк Мамлекеттер уюмунун Диний лидерлеринин кезектеги жыйынына катышуу үчүн боордош өлкөлөрдөн келген аалымдар менен биргеликте жума намазын «Азирети Имам» мечитинде окушкан.