Кызыл-Кыя шаарында коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында шаар мэри Асилбек Мааткалыков, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Бактияр Жалалов, ШИИБ кызматкери Нурали Абдурахманов жана Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Ниймат ажы Топчиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Иш-чарага  шаардагы жергиликтүү тургундар, айыл башчылар, квартал комитеттери, шаар активисттери жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө жүргүзүүгө тыюу салынган экстермисттик, террористтик агымдардын идеологиясына жарандардын кирип кетпөөсү жана жаш балдарды ата-энелерден көзөмөлдөөнү, соцтармактарды пайдалуу багытта колдонууну, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды, балдар арасындагы чыр-чатактардын алдын алууну, ошондой эле мектеп окуучуларынын убактысын туура пайдалануу жактары боюнча маселелер талкууланды.

Ишчара алкагында Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев элди ынтымакка чакырып, пайгамбарыбыздын (с.а.в) «Дуа момундардын куралы» деген хадисине токтолуп, акыркы күндөрү болуп жаткан түрдүү терс көрүнүштөрдөн сактоону Жараткандан тилек кылууга жана биримдикте иш алып барууга чакырды.