Талант ажы Сабриков: “Балдарды мээрим менен тарбиялайлы”

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Абит Ахматов атындагы №2 мектебинде балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук-зомбулук, өзүнө-өзү кол салуунун алдын алуу максатында ата-энелердин чогулушу болду. Чогулушка Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант ажы Сабриков катышты. Баш имам-хатибдин билдирүүсүнө караганда, ата-энелер жогорку деңгээлде катышып, таалим-тарбиядагы мамилелер жөнүндө сөздөр болду.

“Пайгамбарыбыз(с.а.в.): “Ким мээримдүүлүк кылбаса, мээрим көрбөйт” деген. Анын сыңарындай, азыркы учурда балдарга түшүндүрүү менен, аларга мээримдүү болуу менен тарбия берүү зарыл. Акыркы убакта шаарыбызда катталган окуялар баарыбызды капалантты. Балдарды уруп-согуу, урушуу менен тарбиялай албайбыз. Аларга үлгү болуу, туура түшүндүрүү менен жакшы тарбия бере алабыз. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) бул дүйнөгө, ааламдарга мээрим катары жөнөнтүлгөн. Андыктан биз да балдарыбызды досторуна, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаганды үйрөтөлү, өзүбүз дагы айткан кебибизге ылайык жашайлы”, – деп билдирди Талант ажы Сабриков жыйналышта.