Тоң районундагы имамдар жыл жыйынтыгын чыгарууга камылга көрүүдө

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов райондогу бардык  имамдар менен жолугушуп, жыл ичинде аткарылган иштерге саресеп салды. Муну менен катар жолугушуунун жүрүшүндө имамдардын ишмердүүлүгү каралып, Муфтият, казыяттан келген тапшырмалардын аткарылышы, отчетторду өз убагында тапшыруу жана талап-тартибин сактоо, мечиттердин каттоо иштерин активдештирүү  маселелер каралды. Ошондой эле мечиттеги тазалыкты көзөмөлдөө, үшүр, зекет маселеси жана түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү боюнча отчеттор тапшырылды.