Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Саха Республикасынын эл аралык тышкы байланыштар министринин орун басары Васильев Владимир Николаевич менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Саха Республикасынын эл аралык тышкы байланыштар министринин биринчи орун басары Васильев Владимир Николаевич менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө жана улуттар ортосундагы достукту чыңдоо жаатында пикир алышты. Муну менен катар Азирети Муфтий Саха Республикасында эмгектенип жаткан Кыргызстандык мекендештерибиз менен амандашып, аймактарды өнүктүрүү жылына карата алардын руханий маданиятын, ыйманын жана адеп-ахлахын, үй-бүлө институтун бекемдөө менен балдардын тарбиясына көңүл буруулары боюнча баяндамасын жасап, алардын ал жайынан кабар алаарын билдирди.

Эскерте кетсек, Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусиянын Урал, Сибирь жана Ыраакчы Чыгыш боюнча Муфтияттын өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиевдин демилгеси менен 26 ноябрдан 29 ноябрга чейин Орусия Федерациясындагы мекендештерибиз менен жолугушмакчы.

Жолугушуулар:

26-ноябрь күнү Якутск шаарынын борбордук мечитинде саат 17:00до

27-ноябрь күнү  Чита шаарынын борбордук мечитинде саат 17:30да

28-ноябрь күнү Иркутск шаарынын борбордук мечитинде саат 19:00дө болмокчу.

Толук маалыматты төмөндөгү телефондор аркылуу алсаңыздар болот:

8 999 45 11119

8 964 422 8093

8964 107 3939