Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Якутск шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Якутск шаарындагы борбордук мечитте Якутияда жана Орусиянын ыраакчы чыгыш аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушту. Жолугушуу алкагында Азирети Муфтий үй-бүлөнү сактоо, адал ырыскы, берекелүү жашоо, ынтымактуулук, эне тили жана балдардын тарбиясы, экстремизмге каршы күрөшүү, Ханафий мазхабын терең үйрөнүү, мусулмандардын жашоосунда Курандын орду темалары боюнча кеңири маалымат берди. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, кандай гана шарияттык негиздеги суроолор жаралбасын дин аалымдарына, Муфтиятка кайрылууга чакырды.