Азирети Муфий Максатбек ажы Токтомушев Бурятиядагы мекендештерибиз менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфийи Максатбек ажы Токтомушев Бурятия Республикасынын борбору Улан-Удэ шаарындагы Кыргызстандык мекендештер менен жолугушуп, алардын ал жайынан кабар алды.

Жолугушуу Улан-Удэ шаарындагы борбордук  Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ мечитинде өтүп, Азирети Муфтий мекендештерибизге «Ыйман менен адептүүлүк», «Соода сатыктагы мамилелер», «Адалдан ырыскылануу», «Үй-бүлөнү бекем сактоо», «Мекенди сүйүү жана эне тилин барктоо» туурасында баяндамасын жасады. Муну менен катар Азирети Муфтий Бурятия Республикасында эмгектенип жаткан мекендештерибиздин ар кыл суроолоруна жооп берип, иштерине ийгилик каалады.

Улан-Удэ шаарындагы борбордук  мечитинде өткөн жолугушууга Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ мечитинин имамы Хамид Сафиулла катышып, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийине ыраазычылыгын билдирди.