КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Ош облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 28-ноябрда КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Ош облустук мусулмандар казыятынын эмгек жамааты менен жолугушуп, казыяттын жаңы имаратындагы түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты. Иш чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын өкүлү жана казыят кызматкерлери катышышты. Жолугушуунун  жүрүшүндө облус казысы казыяттын жалпы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, аткарылып жаткан иш-пландар менен тааныштырды. Ал эми ДИМК директору  казыяттын жаңы имаратындагы заманбап шарттардын түзүлгөндүгү диний мекеме катары башкаларга үлгү экендигин өзгөчө белгиледи. Мындан сырткары казыят облус аймагындагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга басым жасап, коомчулуктагы ар түрдүү терс агымдагы көз караштардын алдын алуу керектигин белгиледи. Андан соң жалпы жамаат менен суроо-жооп иретинде баарлашты. Соңунда жалпы эмгек жамааттын ишине ийгиликтерди каалады.