Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев Көөчү айылынын жергиликтүү туругундары менен жолушуп, ысырапкерчиликти токтотуу керектигин айтты

Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев Көөчү айылынын жергиликтүү туругундары менен борбордук мечитте жолугушуп, улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө, ысырапкерчиликти болтурбоо, терс диний агымдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Айыл тургундары менен болгон жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, баш имам хатиб бардык берилген суроолорго жооп берди.

Ашыкча ысырапкерчиликти токтотушубуз керек. Биз карымдуулукту күчөтүп, социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө камкордук кылсак Жараткандын алдында эселеген соопторду табабыз. Мектеп, көпүрө, жол салып, суу чыгаралык,-деди баш имам хатиб.

Ушул эле күнү Түп районунун баш имам хатиби Көөчү айылындагы имамдар менен жолугушуп, мечиттерди кышка даярдоо, тазалыкты бекем сактоо боюнча тапшырма берип, жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу керектигин билдирди.