Ош шаарында «Ыймандуу жаштар биздин келечегибиз» аттуу жыйын өттү

Бүгүн 28-ноябрь күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык кеңешинин Мээркан айылындагы «Ал-Фарук» мечитинде «Ыймандуу жаштар биздин келечегибиз» аттуу жыйын  өттү.  Жыйынга Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, КР ДИМКтин түштүк бөлүмүнүн башчысы И. Мурзабеков, Жапалак айылдык аймактык кеңешинин төрагасы С. Эшманов, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш чара алкагында шаар казысы балдарга туура тарбия берүү бул ата-эненин түздүн түз милдети экендигин айтып, тарбиягы көңүл буруу керектигин билдирди.

Балдарга тарбияны ата-эне жашынан бере турган болсо натыйжада  адептүү, ыймандуу жана билимдүү жаштар өсүп чыгат. Ошондуктан ар бирибиз келечек муундардын билимине, ыйман, адебине көңүл бурушубуз маанилүү,-деди шаар казысы.

Ал эми жыйындын катышуучулары өздөрүнүн кеңештерин берип,  билимдүү жана адептүү болуу менен келечекке болгон кадам өсөөрүн белгилешти.